Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

“Сорос-Кыргызстан” КТРКдагы долбоорлорду каржылоону токтотту


Бул тууралуу коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын белгилешинче, “Сорос-Кыргызстан” КТРК менен кызматташуусун жана биргелешип даярдаган бардык долбоорлорун токтоткону тууралуу фонддун медиа тармагына жооптуу адиси Элина Каракулова билдирген. Буга 1-каналда эфирге чыккан “Вечерний Бишкек” тууралуу берүү себеп болгону белгиленген.

“Калпка таянган бизнес” деп аталган сюжет ушул айдын башында Коомдук канал, “Пирамида” жана 5-каналдан көрсөтүлгөн. Анда “Вечерний Бишкектин” айланасындагы чырга сереп салынып, гезиттин учурдагы кожоюну Александр Ким бир тараптуу сынга алынган.

“Медиа Полиси” фонду буга байланыштуу аталган үч канал журналистиканын негизги принциптерин сактабаганын белгилеген билдирүү тараткан. Анда “Вечерний Бишкектин” айланасындагы абал боюнча автору көрсөтүлбөгөн бир эле материалды аталган телеканалдар бир нече жолу эфирден кетиргени белгиленген. Коомдук телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков бул пикирди четке кагып, медиа уюмдун пикирин бир тараптуу деп сындаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG