Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

АКШ президенти Иран боюнча мыйзамга кол койду


Барак Обама жума күнү кол койгон мыйзам АКШ Конгрессине Ирандын өзөктүк программасы боюнча кандай эл аралык келишим түзүлбөсүн аны кайра карап чыгуусуна укук берет.

Конгресстин кош палатасы майдын башында жактырган мыйзамды бир нече айга созулган талкуунун натыйжасында жетишилген мунаса документ катары сыпаттаса болот.

Жаңы мыйзамга ылайык, АКШ Конгресси Иран менен эл аралык келишим жетишилсе, аны 30 күн ичинде жактырат же четке кага алат.

Бул мезгил аралыгында Обама администрациясына Иранга каршы киргизилген америкалык санкцияларды жумшартууга тыюу салынат.

Тегеран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишим 30-июнга чейин түзүлүүсү керек.

Анын негизги параметрлерин ири алты держава: АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Иран өткөн айдын башында макулдашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG