Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Мексикадагы атышуудан 40ка жакын адам окко учту


Мексиканын түштүк-батышындагы Мичоакан штатында 22-майдын түнүндө полиция менен маңзат мафиясынын ортосунда атышуу орун алды. Куралдуу кагылышуунун натыйжасында бери дегенде 40 адам жан берди.

Азырынча өлгөндөрдүн саны боюнча так маалымат жок. Рейтер агенттиги 44 адамдын окко учканын жазды. Алдын ала маалыматтар боюнча мерт кеткендердин кеминде экөө полиция кызматкери, дагы бирөө оор жаракат алган. Калгандары маңзат соодагерлери экени айтылууда.

The New York Times басылмасынын кабарлашынча, маңзат менен шугулдангандардын үчөө тирүүлөй колго түшкөн.

Полиция атышуудан кийин маңзат соодагерлеринин кербенинен ири куралдарды жана гранатометторду табышкан. Полициянын маалыматында аталган маңзат мафиясы Мексикадагы ири уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн.

Мичоакан штаты Мексикадагы маңзат соодасынын чордону катары эсептелет. Жергиликтүү жашоочулар маңзат соодагерлерине каршы элдик кошуундарды да уюштурган. Бирок куралдуу кагылышуу байма-бай болуп келет.

XS
SM
MD
LG