Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Темир Сариев Кара-Кече көмүр кенине барат


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 23-майда бир күндүк иш сапарынын алкагында Чүй жана Нарын облусунун эли менен жолугуп, бир канча объекттин курулушу менен жакындан таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчысы түшкө чейин Жайыл районунун Суусамыр айылынын жашоочулары менен жолугушту. Түштөн кийин Жумгал районуна барып, түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу менен таанышат. Мындан сырткары өкмөттүк делегация “Кара-Кече” көмүр кенинин көзөмөл-өткөрмө жайына да барышат. Соңку кездерде жергиликтүү жашоочулар аталган кенди криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү ээлеп алды деп нааразы болуп келишет.

XS
SM
MD
LG