Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Рашот Камалов дагы бир ай камакта калат


Кечээ, 22-майда Ош шаардык соту Кара-Суудагы “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы Рашот Камаловду 27-июнга чеин камакта калтыруу боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун Оштогу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Тергөөчүлөр Камаловду дагы бир ай абакта калтыруу өтүнүчүн имам тууралуу маалыматтардын толук чогулбай жатканына байланыштуу келтиришкен. Рашот Камаловдун жактоочусу анын саламаттыгынын начардыгына байланыштуу үй камагына чыгарууну суранган.

Кара-Суудагы “Ас-Сарахсий” мечитинин 37 жаштагы мамы Рашот Камалов февралдын башында камакка алынган. Ага “кызмат абалынан пайдаланып, диний кастыкты козуткан” жана “элге экстремисттик материалдарды тараткан” деген айыптар тагылган. Имам мунун баарын негизсиз деп четке кагып келет. (YI)

XS
SM
MD
LG