Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Ош аэропортун карактоого шектелгендердин бири психиатриялык ооруканага жаткырылган


Ош аэропортундагы ири карактоого шектелгендердин бири, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замир Сыргабаевдин иниси Нурбек Сыргабаев Таш-Көмүрдөгү Кызыл-Жар психикалык ооруканасынын камагында жарым айдан бери жатат. Азырынча текшерүүнүн жыйынтыгы белгисиз. Республикалык психиатриялык борбордун жетекчиси Ураимжан Исмаилов бул "дарыгерлик сыр" экендин айтып, маселе жети адамдар турган комиссия тарабынан чечилерин билдирди. Ошол эле учурда ал Сыргабавди ооруканадан качып чыгып кетпейт деп кепилдик бере албасын айтты.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов текшерүү бир айдан эки айга чейин созулушу мүмкүн экендигин билдирүүдө.

Адистер мындай текшерүүлөр талапка ылайык, 3 күндөн бир жумага чейин эле созуларын айтып, Нурбек Сыргабаевге мынча көп убакыт берилгенин таң калыштуу деп баалап жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында спецназдын формасын кийген белгисиз беш адам Ош аэропортунун аймагындагы кеңсеге кирип барып, эсептелип чет өлкөгө жөнөтүлмөк болгон 5, 5 миллиондон ашуун, айрым маалыматтар боюнча 7 миллионго жакын долларды, бейрасмий маалымат боюнча 13 миллионго жакын каражатты карактап кетишкен. Бул иш боюнча 11 киши издөөгө алынып, жетөө кармалган. Милиция карактоону эл аралык кылмыштуу топ жүргүзгөн деп билдирүүдө. (AzK\MTo)

XS
SM
MD
LG