Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Украина: Авдеевкада атылган октон бир тургун каза таап, экөө жараат алды


Украин армиясынын билдиришинче, акыркы суткада Донбасста беш аскер жаракат алды.

Ал эми Донецк облусунун Авдеевка шаарындагы ок атышууда бир жергиликтүү жайкын тургун каза таап, экөө жараат алды. Бул тууралуу Украина Ички иштер министрлигинин облустагы жетекчиси Вячеслав Аброськин маалымдады. Анын айтымында, жикчилдер тарабынан атылган снаряд Авдеевкадагы коксохимиялык заводго тийип, анын ишин да үзгүлтүккө учураткан.

Украин армиясынын командачылыгы акыркы суткада Донбасста беш аскер жараат алганын билдирүүдө. Жоокерлер арасында курман болгондор катталган жок.

Аскерлердин айтымында, Донецк жана Луганск облусундагы жикчилдер алар тарапка бир күндүн ичинде 16 жолу ок чыгарышкан. Анын ичинде Минск келишиминде колдонууга тыюу салынган курал-жарактар менен да аткылашкан.

Өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп жарыялап алган жикчилдердин маалымдашынча, украин аскерлери акыркы суткада ок атышпоо келишимин 36 жолу бузган. Жикчилдер алардын багыттары оор куралдардан атылганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG