Бул тууралуу Жалал-Абад облустук администрациясынан билдиришти. Ага ылайык, президент Алмазбек Атамбаевдин 27-майга белгиленген Жалал-Абадга сапары Сузактагы кырсыкка байланыштуу дүйшөмбүгө жылышы ыктымал. Облустук жетекчиликке “президенттин баруусуна даяр болуп туруу” тапшырылган.
Сузактын Кыржол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин баарынын сөөгү жерге берилди. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат.
Мамлекет башчы бул жумада өлкөнүн түштүгүнө иш сапары менен барып, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы коомдук-саясий абал, жазгы талаа иштеринин жүрүшү жана башка иштер менен таанышып келмек.(ZKo;RsK)