Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Көмүр чыры боюнча камалгандардын бири үй камагына чыгарылды


Мурдагы Баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыгапаров менен бирге айыпталып камакка алынган прокуратуранын мурдагы кызматкери Нуртазин Жетибаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Жетибаевдин адвокаты аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкери Жетибаев мурдагы Баш прокурордун күйөөсү менен бирге Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча тендер учурунда казакстандык бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн аракеттенишкен жана "Электр станциялар" ишканасынын жетекчилерин мажбурлашкан деген айып коюлууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG