Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Жер көчкүдө там-ташынан ажырагандарга мамлекет үй куруп берет


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыр-Жолдогу кырсыктан жабыркагандар менен жолугушуу учурунда айтты. Мамлекет башчы айылдагы жер көчкү басып калган беш үйдү жана кооптуу абалда турган дагы үч үйдү куруу үчүн башка жерден жер тилкесин бөлүүнү кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнө тапшырды. “Биз бул үй-бүлөлөргө коопсуз жерге там тургузуп берүүбүз керек. Бул мамлекеттин колунан келет” деди Алмазбек Атамбаев.

Жергиликтүү эл аймактагы Кыр-Жол, Сай, Маркай, Чангет айылдарынын жолун оңдоп берүүсүн президенттен сурашты, ошондой эле коопсуз жактан үй курууга жер берүүнү өтүнүштү. Мамлекет башчы аймактагы баш-аягы 30 чакырым жолду оңдоо маселесин кароону Транспорт жана байланыш министрине тапшырды. Президент ошондой эле жергиликтүү элди кооптуу аймактардан көчүп кетүүгө үндөп, “балдарыңардын келечегин ойлогула” деди.

24-майга караган түнү Сузактын Кыр-Жол айылында көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ооруканага жаткырылды.(RsK;ZKo)

XS
SM
MD
LG