Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Өкмөт “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүүнү кайра сунуштоодо


Өкмөт “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту парламентке кайрадан киргизди. Мыйзамды Экономика жана Айыл чарба министрликтери иштеп чыккан.

Өзгөртүүлөрдү ичине камтыган мыйзам долбоору менен өкмөт алтын кендерин ачык казууга жана мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берүү укугун өзүнө алууну көздөйт. Ошондой эле бул багытта өзгөртүүлөр алтын казуучу компанияларды өндүрүштө иштетиле турган суу агындылары үчүн акы төлөөгө милдеттендирет.

Өткөн аптада “Ата Мекен” фракциясы бул демилге “Центерранын” Кумтөр боюнча экологиялык долбоордон баш тартуусуна алып келет деген негизде бул мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG