Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Британияда Блаттерди ФИФА президенттигинен кетүүгө чакырышты


ФИФА президенти Йозев Блаттер
ФИФА президенти Йозев Блаттер

Британиянын футбол ассоциациясынын төрагасы Грег Дайк ФИФАдагы коррупциялык чырга байланыштуу федерация президенти Йозев Блаттер токтоосуз түрдө кызматтан кетиши керектигин айтып чыкты. Ошондой эле ал Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) 29-майга белгиленген ФИФА президентин шайлоону жарым жылга жылдырууга сунуш берүү гана мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин билдирди. Ал Блаттердин коррупцияга каршы катаң чараларды көрүү менен ФИФА футбол күйөрмандарынын ишенимин кайрып алары тууралуу айтканына көзү жетпесин, федерациянын башында Блаттер турганда бул мүмкүн эместигин да кошумчалады. Грег Дайктын пикиринде, Блаттер "өз ыктыяры менен кетпесе" маселени добуш берүү менен чечүүгө болот.

Кечээ Швейцарияда полиция футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы - ФИФАнын жогорку даражалуу жети чиновнигин коррупцияга аралашкан деген шек менен камакка алган.

ФИФА президентин шайлоо 29-майга белгиленген. Бул орун үчүн федерациянын азыркы президенти Йозеф Блаттер менен иордан канзадаасы Али бин Аль-Хусейн ат салышууда.

XS
SM
MD
LG