Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Умаров: Уулумдун өлүмүнө айрым күч кызматкерлеринин тиешиеси болушу мүмкүн


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров күч органдарындагы коррупцияны ашкерелөөдө бут тосууга кабылып жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу Умаров Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Айтымында, ал Башкы прокуратура жана УКМКнын бир катар кызматкерлери аралашкан мыйзамсыз иштерди аныктаган, бирок бул боюнча учурда тергөө өз нугунда жүрбөй жатат.

Умаров ошондой эле жакында автокырсыктан мерт болгон уулунун өлүмүнө аталган кызматкерлер катышы болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, ага чейин үй-бүлөсүнө карата ар кыл коркутуулар болгон, көп өтпөй табышмактуу жагдайда жалгыз уулу автокырсыктан каза тапкан:

- Бул жөн эле автокырсык эмес. Мен да оперативдүү кызматкермин. Өз алдымча иликтөө жүргүзүп жатам. Мен шектенген адамдардын арасында УКМК жана прокуратура кызматкерлери бар, - деди Умаров.

Руслан Умаров бул мыйзамсыз иштерди токтотуу үчүн президентти көңүл бурууга чакырды.

Бирок Улуттук коопсуздук комитети Умаровдун билдирүүсүн четке кагып, негизсиз айыптоо катары баалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG