Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Бүгүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн күнү


Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн майрамына арналган салтанат бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышат.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү мурунку союз таркагандан кийин өз алдынча болуп, 1992-жылы түзүлгөн. Ошондон бери 29-май куралдуу күчтөрдүн күнү болуп белгиленет.

Эл аралык Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы жакында жарыялаган рейтингде кыргыз армиясы дүйнөдөгү 126 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээлеген. Рейтинг аскерлердин саны, алардын курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыздалуу деңгээлине карап жүргүзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG