Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Олимпиада комитетин Шаршенбек Абдыкеримов жетектейт


Шаршенбек Абдыкеримов. 29-май, 2015-ж. Бишкек.
Шаршенбек Абдыкеримов. 29-май, 2015-ж. Бишкек.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Шаршенбек Абдыкеримов шайланды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн, 29-майда Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин 44 мүчөсүнүн 37си катышкан жыйында бир добуштан Шаршенбек Абдыкеримов колдоо тапты. Жаңы жетекчи бул кызматта 2016-жылы Рио-де-Жанейродо боло турган жайкы олимпиада оюндарына чейин иштейт.

Жогорку Кеңешке "Республика" партиясынан шайланган депутат, ишкер, "Аю" компаниясынын негиздөөчүсү, Спорттук күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов жалгыз талапкер болуп Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитети тарабынан бекитилген.

Олимпиада комитетин буга чейин маркум Мурат Саралинов жетектеп келген. Эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, коомдук ишмер Мурат Саралинов үстүбүздөгү жылдын 13-мартында 54 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон. Ал 2006-жылдан бери УОК президенти болуп эмгектенген. (ECh)

XS
SM
MD
LG