Дайыр Кенекеев өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн биринчи орун басарлыгына дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Кенекеев 2011-жылы мамлекеттик мүлк министри болуп эмгектенген. Андан соң "Газпромнефть АЭРО Кыргызстан" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагалыгын аракалап келген.
Бейшембиде Таластагы өкмөттүн өкүлдүгүнө Байыш Жуманазаров дайындалган эле.(BkA)