Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

АКШ Кубаны терроризмди колдогон өлкөлөр тизмесинен чыгарды


Бул эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланышты жандандыруу жараянынын алкагында ишке ашты. Кубанын тизмеден чыгарылганын жума күнү жарыялаган Мамлекеттик департамент Гавана бийликтеринин айрым аракеттери боюнча Кошмо Штаттардын “чочулоосу жана пикир келишпестиктери” калып жатканын эскертти. Бирок бул чочулоолор Кубаны терроризмди каржылаган өлкөлөр тизмесинен чыгарбай коюуга себеп болбой турганын билдиришти.

АКШнын бул кадамы жарым кылым мурун дипломатиялык алакасы үзүлгөн эки өлкө ортосундагы мамилени оңдоого түрткү болушу мүмкүн.

Вашингтон менен Гавананын дипломатиялык мамилени жөнгө салуу боюнча кадамы былтыр декабрда эки өлкө жетекчилеринин жолугушуусунан соң башталган. Анда абактарда отурган жарандарды алмашуу келишимине жетишилгени кабарланган эле.

Буга карабай Кошмо Штаттардын Куба менен соода жүргүзүүгө эмбаргосу алына элек. Эмбарго АКШнын Конгрессинин макулдугу менен гана алынат.

XS
SM
MD
LG