Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Чыңгыз Шамшиевдин жакындары: уулубузга каршы негизсиз каралоо жүрүүдө


Чыңгыз Шамшиев
Чыңгыз Шамшиев

Кыргыз Эл артисти Айтурган Темирова уулу, Президентке караштуу башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиевге каршы негизсиз каралоо жүрүп жатканын айтып чыкты. Темирова бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Андан мурун Чыңгыз Шамшиев өзү жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек куруп, өзүнө тагылган айыпты негизсиз деп атаган. Ал “Башкаруу академиясынын азыркы жетекчилигинин басымы астында айрым адамдар мага каршы көрсөтмө берүүгө аргасыз болду” деп билдирген.

Шамшиев өлкө президенти “Алмазбек Атамбаевди бул мыйзам бузууларга көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрөт” деп үмүттөнөрүн айткан.

Буга чейин УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызмат Чыңгыз Шамшиев ректор кезинде окуу жайда кадрдык реформа жүргүзгөндө мамлекетке каржылык зыян келтирген деп кылмыш ишин козгогон. Кечээ болсо Шамшиев тергөөчү менен байланышка чыкпай, чет мамлекетте жүргөндүктөн сыртынан издөө жарыяланганы кабарланды.

Учурда Чыңгыз Шамшиевдин Францияда экени айтылууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG