Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Ниязалиева: Орус телеканалдарынын көрсөтүлүшүн каалайбыз


Бул тууралуу вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Орусиянын байланыш жана массалык коммуникациялар министринин орун басары Алексей Волин менен жолугушууда билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Ниязалиева Кыргызстан санариптик телеберүүгө өткөн соң да орус каналдарынын өлкө аймагында көрсөтүлүшүнө кызыкдар экенин шардана кылды. Вице-премьердин айтымында, учурда өкмөт бул маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп жатат.

Волин Орусия бул багытта жардам берүүгө даярдыгын билдирген.

Кыргызстан быйыл санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Бул форматтагы берүүгө өтүүгө аракеттер көрүлүүдө. Анын негизинде өлкө аймагында акысыз көрсөтүлчү телеканалдардын социалдык пакетине сегиз канал киргизилген. Алар: КТРК, «Баластан», «Маданият», ЭлТР, «Бешинчи канал», «Пирамида», «Мир» жана облустук телестудияларды бириктирген 8-канал.

Казакстан санарипке 2012-жылы өтсө, Өзбекстан 2015-жылга чейин өтүү аракетинде. Ал эми Орусия санарипке 2010-жылы өткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG