Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Ош базарынын тегерегиндеги соодагерлер нааразылык акцияга чыгышты


Ак үй алдына чыккан 50-60тай киши базар тегерегинде соода орундарынан куулуп жатканын билдирип, соодага уруксат берүү талабы менен чыгышты. Соодагерлердин айтымында, базардын ичиндеги орундар кымбат болгондуктан алар базардын тегерек-четинде көчөдө соода кылууга аргасыз.

Нааразылар менен жолугууга Ленин райондук акими келип, базардын тегерегин ирээтке келтирүү зарылдыгын айтып, сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок тараптар бири-бирин түшүнө албай жатышат.

Чогулгандардын бири өзүнө өзү кол салууга аракет кылып, аны милиция кызматкерлери алып кетишти. (AzK)

XS
SM
MD
LG