Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Орусиянын "кара тизмесинен" 50 миңдей кыргызстандык чыгарылат


Орусиядагы мигрант
Орусиядагы мигрант

Москвада өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесине" илинген 50 миңге жакын кыргыз жаранына мунапыс берүү макулдашылды. Ал июль айынын ортосунда күчүнө кирет. Андан ары орус тарап одоно мыйзам бузбаган кыргызстандыктарга карата киргизилген чектөөлөрдү улам азайтып турарын Москвадагы кыргыз элчилигинен кабарлашты.

30-июнь күнү Орусиядагы элчи Болот Жунусов, эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев орус миграция кызматынын башчысы Константин Ромадановский менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG