Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Дайыр Орунбековдун айып акчасы 1 сомдон чогултулат


Бул тууралуу “Азаттыкка” журналист Дайыр Орунбековдун коомдук жактоочусу Адил Турдукулов билдирди. Алар 29-июнда Аламүдүн райондук сотунун судьясы Аида Абылгазиева сотко Дайыр Орунбековдун өзүн жана анын жактоочуларын катыштырбастан башкы прокурор Индира Жолдубаеванын арызын канааттандырып, журналист Дайыр Орунбековду 2 миллион сом доого жыкканын сындап жатышат.

Турдукулов бул каражатты топтоо үчүн коомчулукка “Президенттин аброюн калыбына кетирүүгө бир сом аябагыла” деп кайрылганы жатканын билдирди. Бул үчүн Дайыр Орунбековдун кеңсесине атайын куту орнотулуп, ыктыярчылардын жардамы менен көчө-базарларды кыдырып, бир сомдон чогултуу пландалууда. Мындан тышкары Адил Турдукулов Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз жолдой турганын, судья Аида Абылгазиеванын үстүнөн арыз менен Соттор кеңешине кайрыла турганын белгиледи.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрь “Мaalymat kg” интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жайгаштырган. Анда Ош окуясына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлө баштап, журналистке каршы миллион сомдук доо коюлган. 16-июндагы сотто башкы прокурор доонун өлчөмүн дагы 1 млн. сомго көбөйткөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG