Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Милиция кармап кеткен соодагерлердин экөө камалды


Бишкекте нааразылык акциясына чыккан соодагерлердин ичинен эки киши бир суткага камакка алынды. Бир адамга 300 сом айып салынды. Башкалары эскертүү менен бошотулду. Бул тууралуу жараянга көз салган кабарчыбыз билдирди.

Бүгүн милиция кызматкерлери нааразылык акциясын улантуу үчүн Ак үйдүн алдына бараткан 60 чамалуу адамды суракка алып кеткен. Алар Ош базарынын тегерек четинде соода кылган жарандар болчу. Ишти Биринчи Май райондук соту карады.

Соодагерлерге "административдик тартипти бузду" жана "милицияга баш бербей койду" деген беренелер менен материалдар чогултулуп, иликтөө жүргүзүлгөн.

Кармалгандардын арасынан балалуулар менен орозо кармагандар коё берилип, 39 адам суракка калган. Алар орундарынан куулуп жатканын айтып, 30-июнда да нааразылыкка чыккан эле. Милиция соодагерлерди митинг өткөрүү тартибин бузганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG