Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Бишкек шаардык сотунун төрагасы кызматтан алынды


Бишкек шаардык сотунан “Азаттыкка” билдиришкендей, соттун төрагасы Айдар Осмонов бүгүн өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Төраганын милдетин азырынча анын орун басары Ирина Воронцова аткарууда.

Айдар Осмонов шаардык сотун судьясы болуп 2013-жылдын январь айында дайындалган.

Интернет булактарында анын ысымы эки судьяны Курманкул Зулушев менен Медер Сатыевдин кызматтан кетүүсү боюнча чырга байланыштуу экендиги жазылат. Маалыматка караганда, кызматтан кеткен судьялар Айдар Осмонов мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн “Ата-Журт” партиясынын үч депутатын соттоо талабы менен аларга басым жасаганын айтышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG