Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Арменияда полициянын демонстранттарга күч колдонуусу териштирилет


Арменияда электр энергиясына бааны жогорулатууга каршы нааразылыкка чыккандарга ашыкча күч колдонгон полиция кызматкерлерине кылмыш иши ачылды. Атайын тергөө комитетинин 3-июлда билдиришинче, полиция укугун натуура пайдаланды, демонстранттарга күч колдонду жана журналисттерге тоскоолдук жасады деген айыптоолордун чын-төгүнү аныкталат. Августтан тарта электрге бааны 16 % кымбаттатуу планына каршы Еревандын ортолук бөлүгүндө эки жума бою нааразылык акциялары болгон. 23-июнда ондогон полициячылар желим таяктарды жана суу бүрккүчтөрдү пайдаланып, нааразылыкка чыккандарды кууган.

Өткөн жумада президент Саркисян электр бөлүштүрүүчү компания текшерилмейинче, кымбат электр кубатынын жүгүн өкмөт өзү көтөрөт дегенден кийин демонстрациянын деми басаңдаган.

XS
SM
MD
LG