Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Жалал-Абадда июнь окуясынан кийин курулган батирлер менчиктештирилет


Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Болот Жусупбеков билдирди.

Жалал-Абад шаарында 240 батирлүү үч көп кабаттуу үй курулган. Ал шаардын балансына өткөн.

Буга чейин кооганын жабырлануучулары ордердин негизинде жашап келген. Эми өкмөттүн токтомуна ылайык батирлер ээлерине менчиктештирилип, көп кабаттуу үйлөрдө өзүнчө кондоминиумдар түзүлө баштады. (RsK)

XS
SM
MD
LG