Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Бишкекте “Биз саламаттык үчүн!” аттуу велотур өтүүдө


Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Бишкектин Түштүк дарбазасынан эски аянтка чейин өкмөт башчысы Темир Сариевдин катышуусу менен “Биз саламаттык үчүн!” аттуу велотур өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди.

Бүгүн эртең менен борбордук аянтта министрликтин өкүлдөрү, дарыгерлер, медайымдар жана шаар тургундары болуп миңге чукул адам массалык дене тарбия көнүгүүлөрүн жасашты. Ага өкмөт башчы Темир Сариев, вице-премьер-министрлер Тайырбек Сарпашев, Дамира Ниязалиева, саламаттыкты сактоо, айыл чарба министрлери Талантбек Батыралиев жана Таалайбек Айдаралиев, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов катышты. Ушундай эле акция өлкөнүн бардык облусунда уюштурулган. Жалпы коомчулукту сергек жашоого үндөгөн акция Спорт ордосунда ар кандай спорттук иш-чаралар менен уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG