Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Эки жылда Кыргызстандын 80 пайызы газ менен камсыз болот


Бул тууралуу маалымат каражаттардын жетекчилери менен жолугушуп жаткан өкмөт башчы Темир Сариев “Газпром” ишканасына таянып билдирди. Анын айтымында, Орусиянын аталган ишканасы эки жылда 35 млрд. сом салып, Кыргызстандын 80 пайызын газ менен камсыз кылууга убада кылган. Бул негативдүү сценарийлердин алдын алуу болуп эсептелерин билдирген Сериев, бүгүн бийлик таза иштеп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары Жогорку Нарын каскадын каржылоону орус тарап камсыз кылышы керектигин, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты жакында ишке кирерин айтты.

Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭС курулат. Аны Орусиянын “Русгидросу” менен Кыргызстандын “Электр станциялар” акционердик коому курууда. Долбоорду толугу менен орус тарап каржылайт. Бирок каражаттын толук бөлүнбөгөнүнөн улам курулуш иштери токтоп калганын айрым маалымат булактары жазышкан. Буга чейин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушуна башка тараптан насыя тартуу мүмкүнчүлүгүн көтөргөн эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG