Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Ооган парламенти Коргоо министрлигине экинчи талапкерди колдогон жок


Ооган парламенти ушуну менен Коргоо министрлиги кызматына сунуштаган экинчи талапкерди колдобой койду. Талапкерди президент Ашраф Гани сунуштаган. Ошентип өлкөдөгү негизги деп эсептелеген министрдин орду узак убактан бери бош турат. Себеби, Гани менен Абдулла талапкер боюнча бир пикирге келе албай жатышат.

Буга чейин министрдин милдетин аткарып келаткан Мухамед Мазум Станекзаиге 231 өкүлдүн 84ү гана добуш берген. Ал министр болуу үчүн 107 добуш алышы керек.

Президент Ашраф Ганини каршылаштары иштеп кете ала турган өкмөт курай албай жатат деп сынга алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG