Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Нигериядагы кош жардыруу 44 өмүрдү алды


Нигерия -- Гомбе шаарындагы жан кети жардыруусунан кийинки түтүн. 1-февраль, 2015.
Нигерия -- Гомбе шаарындагы жан кети жардыруусунан кийинки түтүн. 1-февраль, 2015.

Нигериянын Жос шаарында кечээки эки жардыруунун бири ресторанда болуп, андан 23 киши каза тапты. Мечиттеги экинчи жардыруудан 21 адам мерт кетти. Бул эки жардыруудан дагы 47 киши жаракат алганын өлкөнүн чукул кырдаалдар боюнча агенттиги тастыктады.

Азырынча жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок Плато штатынын борбору болгон Жос шаары буга чейин бир канча жолу Боко Харам террордук тобунун чабуулуна кабылган эле.

Ушул эле күнү Нигериянын түндүк-чыгышында бир жанкечти террорчу чиркөөдө алты адамды тындым кылган. Бир апта мурдарак Боко Харамдын согушкерлери 200дөн ашуун адамды өлтүргөн. Бул топ алты жылдан бери Нигериянын түндүк-чыгышында зордук-зомбулуктарын токтотпой келет.

XS
SM
MD
LG