Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Тажикстан чек арадагы чырдан бир жараны каза тапканын жарыялады


Кыргыз-тажик чек арасындагы атыш болгон жер. Баткен, 6-июль, 2015.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атыш болгон жер. Баткен, 6-июль, 2015.

“Азаттыктын” тажик кызматы Исфара районунун Чорку айыл өкмөтүнүн башчысы Нематбай Алимовго таянып, кыргыз-тажик чегиндеги бүгүнкү чатактан аталган айылдын 18 жаштагы тургуну Боборизо Ризоев каза таап, дагы бир тажик чек арачысы жаракат алганын жазып чыкты. Олимов чыр тажик жарандары Лангар айылынан Чорку айылына баратканда чыкканын, алардын унаасын кыргыз чек арачылары токтотуп, өткөрбөй койгонун айткан.

Тажикстандын чек ара кызматынан болсо окуя боюнча толук кабардар экенин, бирок иликтөө иштери башталгандыктан азырынча комментарий берүүгө даяр эместиктерин билдиришкен.

Бул окуя боюнча кыргыз тараптын маалыматы башкача. Чек ара кызматынын алдын-ала маалыматтарга таянуу менен билдиргенине караганда, бүгүн түштөн кийин Баткендин Көчө-Карын деген жерине кирип келген алты тажик жараны кыргызстандык машинелерге таш ата баштаган. Буга күбө болгон тажик чек арачылары да өз жарандарынын ээнбаштыгын токтотууга чара көргөн эмес. Кыргыз чек арачылары аларды тыюуга аракет кылганда баш ийбей, каршылык көрсөткөн. Натыйжада эки тараптан тең бирден ок атылып, бир тажик жараны жаракат алган.

XS
SM
MD
LG