Канар аралдарында кыздарды жана өспүрүмдөрдү экстремисттик “Ислам мамлекети” кыймылынын катарына кошулууга чакырып жүргөн аялды испан полициясы Арресиф шаарында колго түшүргөн.
Испаниянын ИИМи кабарлагандай, кармалган аял Жакынкы Чыгышка бир нече кыз-келиндерди жөнөтүүгө камданып жүргөн. Ал Сириядагы согушкерлер менен түздөн түз байланышып келгенин белгилейт полиция. (ErN)