Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Атамбаев: Аскаров боюнча АКШ туура эмес кадам жасады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналист, саясат таануучулар менен жолугушууда "Азимжан Аскаровго берилген сыйлык чагымчыл кадам болушу мүмкүндүгүн" билдирди.

“Чөпкө от койгондой болуп атат. Ал же өчүп, же өрт чыгып кетиши мүмкүн. Муну менен өзбек жамаатынын аң сезимине Кыргызстанда алар үчүн акыйкаттык жок дегендей ойдун үрөнү себилип жатат. Бул атайын улут аралык мамилеге от жагууга багытталып жасалган чагымдай сезилет",-деди президент.

Президент АКШга, башка өлкөлөргө буга чейин Азимжан Аскаровго тийиштүү материалдарды кайра карап чыгуу сунушу айтылганын белгилеп, ушул тапта Евробиримдик бул сунушка макул болуп, эксперттердин келиши күтүлүп жатканын билдирди.

АКШ Мамлекеттик департаменти өмүрүнүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” деп өткөн айда атайын сыйлык ыйгарган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну сындап, “бул сыйлык тийиштүү эмес учурда, тийиштүү эмес адамга берилүүдө” деген билдирүү тараткан.

Азимжан Аскаровго сыйлык бергенине байланыштуу расмий Бишкек 21-июлда өкмөттөр аралык келишимди денонсациялаган. Бул 1993-жылы түзүлгөн эки тараптуу кызматташууну жеңилдеткен келишим эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG