Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынды


Президент Н. Назарбаев жана ДСУнун башкы директору Роберто Азеведо Казакстанды уюмга кабыл алуу боюнча документке кол коюлгандан кийин. Женева, 27-июль 2015
Президент Н. Назарбаев жана ДСУнун башкы директору Роберто Азеведо Казакстанды уюмга кабыл алуу боюнча документке кол коюлгандан кийин. Женева, 27-июль 2015

Мындай чечимди ДСУнун Башкы кеңеши 27-июлда бекитип, 20 жылга жакын убакытка созулган сүйлөшүүгө акыркы чекитти койду. Эл аралык уюмдун Женевада өткөн жыйналышына президент Нурсултан Назарбаев да катышты. Астана ДСУнун шартына ылайык, импорттук товарларга тарифти ылдыйлатууга жана чет элдик инвесторлор үчүн бизнес чөйрөнү жакшыртууга макулдук берди.

Казакстандын өнөр жайы жана айыл чарбасы салыштырмалуу чабал болгондуктан кирешени негизинен мунай экспорттоодон алат.

Эксперттердин айтымында, эгер ДСУнун шарты аткарылса, Казакстандын ички базары чет элдик товарларга толуп, жергиликтүү ишканаларга оор болот.

Эми келишимге кол коюлуп, ратификациялоо жараяны бүткөрүлсө, Казакстан ДСУнун 162-мүчөсү болот.

XS
SM
MD
LG