Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Токтонасыров Коомдук телеканалдын алдына нааразылык акцияга чыкты


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун билдиришинче, бүгүн акцияга беш жарандык активист чыккан. Алар колдоруна “Коомдук телеканал дегенди кандай түшүнөсүз?”, “Биз ар тараптуу, чынчыл, ыкчам маалыматтарды уккубуз келет”, “Эмнеге “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык плюс” берүүлөрү чыкпай калды” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Акциянын катышуучулары Коомдук телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков менен жолугууну көздөшкөн. Телеканалдын коомдук кабылдамасынын кызматкери алар менен жолугуп, Илим Карыпбеков иш ордунда жок экенин, бирок ал телефон аркылуу буга чейин “Азаттыктын” берүүлөрүнүн чыкпай калышы боюнча расмий жооп бергенин билдирген.

Укук коргоочунун Коомдук телеканалдын жетекчи орун басары менен да жолугушуу аракети ишке ашпаган соң акциянын катышуучулары тарап кетишти. (AzK)

XS
SM
MD
LG