Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Орусияда окумуштуу чыккынчылыкка шектелүүдө


Орусиянын укук коргоо кызматтары машина куруу боюнча Борбордук илимий-изилдөө институтунун 75 жаштагы окумуштуусу Владимир Лапыгинди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап камакка алды. Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги өз булактарына таянуу менен жарыялады.

Басылма кабарлагандай, Лапыгин жашыруун маалыматты чет өлкөлүктөргө берип жүргөн деп шектелүүдө. Азырынча ал кандай маалымат болгону тууралуу кабар жок.

Окумуштуу Владимир Лапыгин «Роскосмос» институтунун аэрогазодинамиканы иликтөө борборунун жетекчиси жана Бауман атындагы Москвадагы университетте окутуучу болуп иштечү. Ал учурда үй камагында отурат. Ага карата козголгон кылмыш иши “жашыруун” деген мөөргө ээ. (ErN)

XS
SM
MD
LG