Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Чеченстанда укук коргоо уюмунун каракталышы иликтенүүдө


Чеченстандын прокуратурасы Грозныйдагы “Кыйноого каршы комитет” уюмунун кеңсесин тоноо ишин тергөөдө Иликтөө комитетинин аймактык башкармалыгы кемчиликтерди кетиргенин жарыялады. Мекеменин сайтында кабарлангандай, тергөөчүлөр кол салуунун бардык жагдайларын толук иликтеп чыгышкан эмес. Атүгүл келтирилген зыянды аныктоо үчүн эксперттик иликтөө да дайындалган эмес. Прокуратура кемчиликтерди жоюп, ишти кайра иликтөөнү тапшырды.

3-июнда “Кыйноого каршы комитет” бейөкмөт уюмунун кеңсесине белгисиз жаалданган топ бастырып кирип, талкалап салган эле. Кол салуунун күбөлөрү коопсуздук күчтөрү эч кандай чара көрбөгөнүн айтып чыгышкан. Полиция болсо окуя болгон жерге эки сааттан кийин гана келген. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров борбор Грозныйда орун алган тополоңду иликтөөнү убада кылган.

Баш кеңсеси Төмөнкү Новгороддо жайгашкан бул уюмдун Грозныйдагы турагы былтыр декабрда өрттөлүп, жоопкерлер табылган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG