Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Канат Исаев: Омардын камалганынан кабарым жок


“Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канат Исаев ырчы Омардын кармалышы боюнча кабары жоктугун “Азаттыкка” билдирди.

Шоу-бизнес жаатында Омар деген ат менен белгилүү болгон Өмүрбек Жанышевди бүгүн түндө Талас райондук милициясы камакка алган. Бул тууралуу ырчынын үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган жабырлануучу, ишкер Болот Бейшеналиев “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Өмүрбек Жанышев шериги Нуржанбек Токтогулов менен чогуу өткөн жылы июнда ишкерден 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар акчасын алган боюнча кайра бербей, качып жүргөн.

Өткөн жумада милиция Нуржанбек Токтогуловду кармап, камакка алган. Ал эми Өмүрбек Жанышев 27-июлда Таласка “Кыргызстан” партиясы менен чогуу концерт бергени барган учурунда кармалган. Алар “алдамчылык, алдап ири суммадага акча алган” деген шек менен камалууда.

Жабырлануучу ырчыны бошотуп алууга ал үгүттөп барган “Кыргызстан” партиясынын жетекчилери кийлигишип жатканын билдирген.

Омардын продюсери Миргүл Эсеналиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта жабырлануучу Болот Бейшеналиев, ырчы Омар, Нуржанбек Токтогулов беттештирилип жатат. Ал Омардын бул акчага эч кандай тиешеси жок экендигин айтып, муну куру доомат деп билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG