Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Адистер бийик тоодогу көлдөрдү текшерип чыкты


Бул күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен түзүлгөн ыкчам топ кооптуу деп эсептелген бийик тоодогу көлдөргө тик учак менен байкоо жүргүзүүдө. Алар Адыгыне, Ак-Сай, Кашка-Суу, Туюк-Төр, Челек-Төр, Кең-Төр, Миң-Жылкы, Такыр-Төр, Көл-Төр, Ат-Жайлоо жана Туюк-Жар көлдөрүнө байкоо жүргүзүштү. Ал жерлерде суу ташып кетүү коркунучу азырынча жок экендиги аныкталды.

Буга чейин айрым туристтер интернеттеги социалдык тармактарда Көл-Төрдө суунун ташкындап агып жатканын жазып чыгышкан. Бирок адистер текшерүүдөн соң көлдөн табигый эле суу агып чыгып жатканын билдиришти.

Кыргызстанда июль айынын орто ченинде аба ырайынын катуу ысышынан улам мөңгүлөр эрип, көлдөрдө, дарыяларды суунун деңгээли көтөрүлүп жатат. Буга байланыштуу алдын ала чаралары көрүлүп, дарыялардын жээгин бекемдөө иштери уланууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG