Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


Чек араны аныктоо, делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик тарап жигердүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджин Аслов бүгүн Дүйшөмбү шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын маалыматына ылайык, тараптардын иш планы бар, чек аранын 50 пайызы аныкталган, калган бөлүктөр боюнча тактоо иштери уланууда. Ошондой эле ал Өзбекстан менен чек аранын 90 пайызы макулдашылып, такташа турган 10 пайызы гана калганын белгиледи.

Буга чейин Чек араларды тактоо боюнча кыргыз өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен аймактагы 10 чакырымдан ашуун тилке белгиленип, андагы чек ара сызыгын аныктоо боюнча долбоор иштелип чыкканын билдирген. Бул кыргыз-тажик чек арасын тактоо ишиндеги 2010-жылдан берки соңку алдыга жылуу катары каралган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинин узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын эл көп отурукташкан 470 чакырымы тактала элек. (AzK)

XS
SM
MD
LG