Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Тышкы иштер министрлигинде АКШ өкүлү менен кызматташтык талкууланды


Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Ричард Хоугланд менен жолугуп, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелер, анын ичинде 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташуусу тууралуу келишимди денонсациялоо маселесин талкуулашты.

Келишимди денонсациялоо жөнүндө токтомго премьер-министр Темир Сариев 21-июлда кол койгон. Ага ылайык, келишим 2015-жылдын 20-августунан тарта күчүн жоготот.

Расмий Бишкек мындай чечимге АКШнын Мамлекеттик департаменти абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу" деп аталган сыйлыкты ыйгарышы себеп болгонун билдирген.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтүнүн өкмөттөр аралык келишимден баш тартуу аракетине кабартырлануусун билдирген. Билдирүүдө келишимдин токтотулушу экстремизмге каршы күрөшүү, экономикалык өнүгүү жана жумуш орундарын түзүү, билим берүү тармагын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, демократиянын өнүгүүсүн колдоого багытталган бир катар программалардын токтоп калышына себепкер болушу ыктымалдыгы айтылган.Ошол эле маалда Кошмо Штаттар кыргыз эли менен мамилени жана колдоосун уланта берерин белгилеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG