Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Хашеми: Молдо Омордун өлгөнү тууралуу маалымат такталууда


Молдо Омор
Молдо Омор

Талиптердин лидери Молдо Омор 2013-жылы эле өлгөнүн Ооганстандын Улуттук коопсуздук кызматынын атын атабоону сураган өкүлү 29-июлда “Азаттык” радиосуна тастыктады. Оогандардын ТВ 1-каналы өкмөттүк булактарга шилтеп билдиришинче Молдо Омор өлтүрүлгөн деген маалыматты Кабулга Пакистан өкмөтү берген. Ооган президенти Ашраф Ганинин өкүлү Зафар Хашеми келген маалымат кылдат иликтенип жатканын билдирди:

- Талиптердин лидери Молдо Омор дүйнө салганы тууралуу маалыматтардан кабардарбыз. Бул маалыматтар иликтенүүдө. Аларды тактаар замат медиа булактарга жана ооган элине бул жөнүндө кабар кылабыз.

Буга чейин Молдо Омор өлгөнү тууралуу бир нече жолу кабарланган.

XS
SM
MD
LG