Азырынча тогуз саясий партия шайлоого катышарын расмий билдирип, БШКга кайрылган. Алар: “Ата Мекен”, “Бир бол”, “Өнүгүү”, “Ар-намыс”, “Республика Ата-Журт”, “Эмгек – Бүтүн Кыргызстан”, “Мекен ынтымагы”, КСДП жана “Аалам” партиялары.
Быйылкы парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада кол койгон.
Шайлоого катышууну каалаган партиялардын БШКга кат жүзүндө кайрылуу мөөнөтү 2-августта аяктайт.
Мурдагы парламенттик шайлоо 2010-жылы 10-октябрда болгон. Ага 29 партия катышкан. (ZKo)