Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

"Дордойдогу” контейнерлердин ижара акысы 30-50% түштү


"Дордой" базары
"Дордой" базары

Бул тууралуу “Азаттыкка” базардын кесиптик кошуунунун төрайымынын орун басары Динара Турбаева билдирди. Анын айтымында, буга сооданын солгундашы, соодагерлердин нааразылыгы себеп болгон.

Кесиптик кошуунга жыл башынан бери контейнерлердин ижара акысын төмөндөтүп берүү өтүнүчү менен жүздөгөн соодагерлер кайрылышкан. Алар Евразия экономикалык биримдикке киргенден кийинки абал кандай болору туурасында өкмөт жеткиликтүү маалымат бербей жатканына нааразы.

Ушул тапта "Дордой" базарында 60 миңден ашуун киши эмгектенет. Кесиптик кошуундун маалыматында базарда соңку ай ичинде товар айлантуу 80% чейин азайган. Айрым соодагерлер ишин таштап, башка тармактарга кеткени байкалууда. (AiA\AzK)

XS
SM
MD
LG