Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Р.Хоуглан: АКШ Кыргызстанды дестабилдештирет деген акылга сыйбайт


АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Ричард Хоугланд АКШ Кыргызстандагы абалды дестабилдештирүүгө аракет кылат деген билдирүү акылга сыйбаган пикир деп билдирди. Кыргызстандын АКШ менен кызматташтык келишимин денонсациялоо чечими АКШ үчүн күтүлбөгөн нерсе болгондугун белгиледи.

“Мамлекеттер аралык мамилелер үй-бүлөдөгүдөй эле кээде солгундап, кээде жакшырат. Биздин Кыргызстанга мындан аркы жардам көрсөтүү аракетибизде кыйынчылыктар пайда болду, бирок биз эки өлкө ортосундагы позитивдүү кызматташууну улантууга тил табышабыз деп ишенем ”, - деди Хоугланд.

29-июнда Ричард Хоугландди Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов кабыл алган. Алар эки өлкө ортосундагы мамилелер, анын ичинде келишимдин денонсацияланышын талкуулашкан. Хоугланд бул жолугушуу өз ара түшүнүшүүгө карай жасалган алгачкы кадам болгондугун, жакын арада эки тараптуу мамилелер мурунку калыбына келет деген ойдо экендигин билдирди.

1993-жылы АКШ менен Кыргызстан кол койгон кызматташуу жөнүндө келишимди денонсациялоо тууралуу токтомго премьер-министр Темир Сариев 21-июлда кол койгон. Расмий Бишкек мындай чечимге АКШнын Мамлекеттик департаменти абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу" деп аталган сыйлыкты ыйгарганы себеп болгонун билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG