Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Украин учкучу Савченконун соту кийинкиге калды


Ростов облусундагы Донецк шаардык соту украин учкучу Надежда Савченкону коргоо боюнча анын жактоочуларынын өтүнүч катын канааттандырды. Эми сот процесси облустук сотко өткөрүлөт. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Марк Фейгун Твиттерге жазды. Жактоочулар буга чейин Савченконун ишин шаардык сотто объективдүү каралбайт деп өтүнүч кат беришкен эле.

Савченко Донбасстагы журналисттердин өлүмүнө катыштыгы бар жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда. Сот процесси жабык өтүп жаткан.

Адвокаттардын башка бири Илья Новиков украин учкучу күнөөсүз экенин, Савченконун мобилдик телефонундагы маалыматтар анын ошол күнү кайда болгонун толук тастыктай аларын билдирген. Адвокат ошондой эле орус соту бул маалыматты эске аларына күмөн санарын айттууда.

Савченко болсо айыптардын баарын четке кагып, аны Украинанын аймагында уурдап, күч менен Орусияга алпарышканын билдирүүдө.
Савченко 25 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

34 жаштагы учкуч аял абакта жатканда Жогорку Радага депутат болуп шайланган. Дүйнө жүзүндө учкучту коргогон акциялар өтүп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG