Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Бозумчактагы фабрика эртең ишке берилет


Ала-Бука районунда кен казуу иштерин жүргүзгөн “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын Бозумчактагы фабрикасы 1-августта расмий түрдө ишке кирет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Тоо бооруна комбинатты жана шаарчаны курууга 250 млн. доллар сарпталып, жумуштардын дээрлик бардыгы аяктап калды. Бозумчак фабрикасы иштей баштаса, жергиликтүү бийликтин бюджетине 2% киреше салыгын төлөйт. Ал бир миллион доллардан ашык сумманы түзөт.

“Казакмыс голд Кыргызстан” компаниясы райондогу 260 гектар аянтты 2008-жылы 19 жылга иштетүүгө лицензия алган. Адистердин маалыматына караганда, компания 146 миң тонна жез, 23 тонна алтын жана 138 тонна күмүш запастарын чалгындаган. Учурда компанияда 730 адам иштейт жана фабриканын ишке берилиши менен жаңы жумушчу орундары түзүлөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG