Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

"Оймо" эл аралык фестивалы башталууда


Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Жамбы Карыбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, фестивалдын уюштурулушунун 10 жылдыгына карата ушул тапта Ала-Тоо аянтында парад өтүп жатат. Ага Кыргызстандан тышкары он мамлекеттен келген кол өнөрчүлөр катышууда.

Иш-чаранын ачылышы бүгүн кечки саат алтыда болот. Бишкекте фестиваль 2-августка чейин, андан ары 3-9-августта Чолпон-Ата шаарында уланат. Анда жети облустан келген катышуучулар кыргыздын салт-санаасын, кол өнөрчүлүгүн көрсөтүшөт.

Фестивалдын алкагында конференциялар, көргөзмө-жарманкелер жана мастер-класстар өткөрүлөт.

"Оймо" фестивалы биринчи жолу Кыргызстанда 2006-жылы уюштурулуп, жыл сайын өткөрүлүп келет. (AzK\AiA)

XS
SM
MD
LG