Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

“Ата Мекен” Зарылбек Рысалиевдин үстүнөн арыз жазды


“Ата Мекен” партиясы мурдагы ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин Чүй облустук сотунда чыккан өрткө Өмүрбек Текебаевдин тиешеси тууралуу айткандарын четке кагууда. Партия атайын жалган маалымат таратып жатат деген негизде Зарылбек Рысалиевге кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз менен Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына кайрылды.

Зарылбек Рысалиев айрым маалымат каражаттарына сотто чыккан өрттү парламенттик шайлоонун алдында чуулгандуу иштен арылуу максатында “Ата Мекен” партиясы өзү уюштурушу мүмкүн экенин билдирген. Ал материалдардын арасында партия лидери Өмүрбек Текебаевдин жалган көрсөтмөсү болгонун айтып чыккан.

Кечээ түнү Чүй облустук сотунун судьясынын иш бөлмөсүнө беткапчан белгисиз адамдар кирип, 8 томдук жазык ишинин 6 томун уурдап, артынан өрт коюп кеткенин Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдаган. Анын ичинде 2010-жылдагы апрель окуясындагы мародерлук боюнча иш дагы болгондугу аныкталган. (AzK)

XS
SM
MD
LG