Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Украин Консоту децентрализация боюнча өзгөртүүнү жактырды


Украина -- Конституциялык соттун мүчөлөрү. Киев, 31-июль, 2015
Украина -- Конституциялык соттун мүчөлөрү. Киев, 31-июль, 2015

Украинада Конституциялык сот Конституцияга бийликти децентрализациялоого тиешелүү өзгөртүү киргизүүнү өлкөнүн негизги мыйзамына ылайык келет деп тапты. Соттун тыянагына караганда, сунушталган өзгөртүүлөр адам укугу менен эркиндигин чектебейт жана өлкө бүтүндүгүн бузууга багытталган эмес.

Мындай өзгөртүү киргизүүнү өлкө президенти Петро Порошенко сунуштап, 16-июлда парламент аны Конституциялык соттун кароосуна жиберүүнү колдогон. Президент Порошенко анда бул мыйзам долбоору айрым маалымат каражаттары жазып жаткандай, Донбасска өзгөчө укук бербестигин, болгону Донецк жана Луганск облустарынын жергиликтүү башкаруу органдарына гана айрым укуктарды берерин, ал өзүнчө мыйзам менен аныкталарын айткан.

ТАСС агенттиги болсо Донецк менен Луганскты "элдик республика" деп жарыялап алган жикчилер Киев сунуштаган бул долбоор Донбасстагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча Минск келшимине туура келбейт деп эсептээрин кабарлады.

XS
SM
MD
LG